Instagramга компьютерден сурөт кочүрүү

10_pic_6_1

Инстаграмга сурөттөрду Android, IOS же Windows Phone операциялык системин(системасын) колдонгон смартфондор аркылуу гана жуктөө мумкун экенин көпчулугуңөр эле билсенер керек. Ал эми мындай смартфондорду баардыгы эле көтөруп журбөйт ж.о.э.(жана ошондой эле) көпчулугу компьютер аркылуу кочуруу жолдорун да издеп көрушсө керек. Бул көйгөйгө мен да кабылгам, себеби, менде компьютер болгону менен жогоруда айтылгандай смартфонум жок эле(P.S. Азыр деле жок:)). А дегенде эле BlueStacks аттуу андроиддин эмуляторуна кабылгам. Менин оюмча көпчүлүгүңөр эле биринчи ирет ушуну жолуктурсаңар керек. Бирок, мен туура эмес тандоо кылыптырмын(P.S. Менин жеке оюм!). Көп өтпөй эле бул жерден жакшы маалымат таап калдым. Бул жол менен сүрөт жуктөө мага жаккан соң, силер менен да бөлүшүп кетейин дедим.

Анда эмесе эмне кылабыз? А дегенде эле төмөнку сайттан Gramblr деген программаны көчүрүп аласыңар: http://gramblr.com/uploader

Ал программанын интерфейси төмөндөгүдөй:

Бул программаны колдонууда кыйынчылыктар деле жаралбайт. Оңой жана бат эле сүрөттөрүңөрдү инстага ыргытып ийсеңер болот.

Бирок, сүрөт көчүрүү үчүн сиз инстаграммда  каттоодон өткөн болушуңуз керек. Каттоодон туугандарыныздын же досторуңуздун жогоруда айтылгандай смартфону бар болсо, сурап отуп алсанар болот(беришет эле болуш керек).

Аккаунт ачып, программаны көчүргөн соң төмөнкү инструкцияны көрүп алып ишке киришкиле:

1. Архивдин ичиндеги файлды иш тактаңарга(рабочий столго) же өзүңүз каалаган жерге чыгаргыла.

2. Gramblr.exe дегенге басып установка кылгыла.

3. Орнотуп буткөн соң,  ачылган терезеде instagram аккаунтуңардын логинин жана сыр сөзүн жазгыла.

 

4. “Choose File” дегенге басып сүрөтүңөрдү көргөзүп, “Upload” дегенди басып сүрөтүңүздү көчүрүңүз.

Сурөттун максималдык өлчөму 650x650px болуш керек.

5. Сүрөтүңөрдүн атын же хэштегтерин көргөзүп, Save Caption (Сактоо) дегенди басыңыз.

Болду, ушуну менен сүрөт көчүрүү процесси аяктайт) Анан браузериңизден өзүңүздүн профайлыңыздын дарегин көргөзүп, мисалы: www.instagram.com/januchaos алган натыйжаңызды көрүп ырахаттаныңыз.

Менин оюмча бул макала сиздерге пайдалуу болду болуш керек. Эгер суроолор жаралып жатса ылдый жакка комментарий  калтыргыла!

Айта кетчу нерсе – сүрөттү көчүрөөрдүн алдында аны онлайн редакторлор менен инстаграмдыкындай эффекттерди кошуп алсаңар болот! Алардын бири бул: http://pixlr.com/o-matic/

You may also like...

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *