#Кызалакачуу

#Кызалакачуу

Мен активдуу интернет колдонуучу болгондуктан интернеттен коптогон материалдарды кездештирем. Кундордун биринде YouTubeдан Bride Kidnapping in Kyrgyzstan деген видеону коруп калдым. Бул видео мени аябай тан калдырды. Себеби менин атам эмес, атамдын атасы мындай ишти кылган эмес. Ал тургай жети атам: Турганбай, Исабай, Ногой, Жалгаш, Азарбек, Жакшылык, Кыдык мындай иш менен алектенген эмес. Кандай гана жердештерибиз мындай жол менен аял алаарын тушунуу кыйын.

Биздин ата-бабаларыбыз кыздарды ала каччу эмес. Адегенде, болочок куда-кудагыйына кайрылып, колун сурап барышчу. Алар макулдугун берген учурда гана жубайлар баш кошушкан. Албетте, той да болгон).

Кээ бирлерибиз айтабыз, Манас атабыз деле аялын ала качып алган деп. Бирок, буга таянып алып, кыздарды, койду которо качкансып ала кача берген туура эмес деп ойлойм. Анткени, бул 100 пайыз так маалымат эмес. Эгер биздин ата-бабаларыбыз ала качкан болсо да, жогорудагы Манас атабыздын ала качканы жонундогу имиш чын болгон кундо да, биз жаны коомдо жашап жатабыз. Биз озубузду бийик алып журушубуз керек, биз адам болушубуз керек.

Албетте, ар бир адамдын оз ою, озунун ой жугуртуусу бар. Бул макалам менен мен да оз оюмду айттым жана албетте, сиздин дагы оюнуз мени кызыктырат. Эгер сизде кандайдыр бир суроолор жаралып жатса же келишпестигинер болсо, томон жактан билдириниз

You may also like...

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *