Эмне себептен бекер хостингди тондоонун кажети жок

Бул макаламда freehosting аттуу бекер хостингин колдонгон учурумдагы кездешкен койгой тууралуу айтып кетким келди. Интернетте ушул эле сыяктуу коптогон бекер хостерлер бар. Мисалга ала кетсек Hostinger.ru, 000webhost.com, pagej.com сыяктуу хостинг провайдерлери да бекер кызмат корсотуучу хостерлордун катарын толуктайт. Булардын ичинен мен колдонуп жатканым hostinger.ru жана beget.ru Байкашым боюнча Hostinger жай жана ишенимсиз экен. Ал эми Begetти укмуш дебесем да жакшы деп таптым. Ошол себептен менин makg.ml сайтым ушул хостингде жатат.

Ал эми freehostingди интернеттен батыштын кызмат корсотуучу хостерлорун издеп журуп кездештирип калдым. Буга асылып калганымдын себеби, ал жакта томонкудой маалымдама корсотулуп турган:

– Unlimited Disk space > Чексиз мейкиндик
– Unlimited Bandwidth > Чексиз трафик
– Free Website Builder > Бекер Web-сайт куруучу
– Absolutely no Ads or Banners > Эч кандай реклама же баннерсиз
Муну коргон сон, мен дароо катталууга шашылдым. Башында баары эле ойдогудай болду. Маалыматтар базасын ачтым, WordPressти кочуруп(zip архив аркылуу келет), хостингге куйуп жатып томонкудой абалга туш болдум.

Ощибка

Озунуздор коруп тургандай архивдин ичиндеги файлдардын серверге чыгып жатканы 25 пайызга жетип токтоп калган. Мындан кийин мен эч нерсе кыла албадым. WordPress бул хостингге ылайыкташтырылган эмеспи дейин десем ал жакта ал тугул joomla, drupal сыяктуу движокторду орнотсо болот экен.

Ал эми андан сон бойроктон шыйрак чыгып pagej.comдон дагы маалыматтар базасынын сыр созун озгортуп жатып пайызы 25ке жетип токтоп калды. Мунун баардыгы бекер болгондуктан. Бекер сыр капканда эле болот (Бесплатный сыр только в мышеловке) дегендей бекердин иши бекер. Кандай гана укмуш болбосун коптогон кемчиликтери кездешет. Ошондуктан, эгер сиз хостинг тандап жаткан болсонуз, бекер хостингдерди танда деп кенеш бербейт элем. Андан коро озубуздун  kg хостерлерди тандаган он.

You may also like...

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *